Белгилүү актриса Хюрем сүйүүсүн тапты

0

Түркиянын белгилүү киноактрисасы Мерйем Узерли голливудка белгилүү режиссер Мохаммед Аль Турки менен мамиле кыларын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу Хаберлер басылмасы жазды.

Узерли көп жылдан бери кызы Лара менен АКШда жашап келген. Эл аралык Берлин кинофестивалына Мохаммед Аль Турки менен бирге келди.

Мохаммеддин теги сауд арабиялык. Ал голливудка белгилүү режиссер.

Эске салсак, Мерйем Узерли кыргыз коомчулугуна “Даңазалуу Доор” тасмасындагы Хюремдин ролун аткаргандан соң белгилүү болгон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8211