Александр Крестенин футбол боюнча улуттук курама команданы 4 жыл башкарат

0

Кыргызстандын футбол федерациясы улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестенин менен жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.

Келишимдин негизи “4+1” системасында болот. Крестенин башкы машыктыруучулукта 4 жыл иштейт. Ошондой эле келишимди эки тараптуу узартканга да мүмкүнчүлүк болот.

Башкы машыктыруучу улуттук кураманы дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна даярдайт.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8209