Футбол боюнча курама команданын оюнчулары Онкология жана гематология борборунда дарыланган балдар менен жоолугушту

0

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Онкология жана гематолия улуттук  борборунда дарыланып жаткан балдар менен жоолугушту. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Балдар менен жоолугушууга Фархат Мусабеков, Кутман Кадырбеков жана Айзар Акматов барган.

Балдардын арасында курама командага күйөрман болгондору жана Азия кубогунда аларга жан үрөгөндөрү да болгон. Футболчулар мелдеш тууралуу айтып, балдардын суроолоруна жооп беришкен. Өздөрүнүн чакан белектерин берген спортчулар алар менен сүрөткө түшүшкөн.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8173