“Ош шаар суу канал” ишканасына жаңы чыгарылган атайын техникалар тапшырылды

0

Бүгүн, 1-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасына жаңы атайын автотехникалардын ачкычын тапшырды.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылы чыгарылган 4 техника Россиядан алынып келинген. Атайын техникалар Европпалык Өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланган долбоордон алкагында алынды. Автотехникалар авариялык учурда, таза суу жана канализацияга байланышкан оңдоо иштерине пайдаланылат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8149