Россиялык шоумен Иван Ургант жол кырсыгына кабылды

0

Россиялык шоумен Иван Ургант Америкада жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Ургант АКШда жубайы Наталья Кикнадзе экөө велосипед тээп жүрүшкөндө аларды унаа келип сүзүп алган. Кырсыктан улам Ургант колун чоюп алган.

"Велосипедди атайын Америкадан сатып алып, эс алуу күндөрүн жакшы өткөрүүнү пландагам. Америкалык айдоочу жакшы эс алуума да мүмкүнчүлүк берген жок” – деген Ургант.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8140