Талас районунун акими болуп Замирбек Сыдыков дайындалды

0

Талас районунун акими болуп 39 жаштагы Замирбек Сыдыков дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

З.Сыдыков буга чейин Талас районундагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Райондун акими Бакытбек Нуржанов январдын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8138