Келдибаев: милиция кызматкери порно видео таратам деп кыздардан акча сурап жатат

0

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев милиция кызматкерлерин катыштыгында көптөгөн кылмыштар катталып жаткандыгын парламент жыйынынан билдирди.

“Милиция кызматкери кыз зордуктоодо, порно видео таратам деп кыздардан акча талап кылууда. Социалдык тармактарда милиция элди коргойбу же кордойбу деген пикирлер байма-бай айтылууда” – деди Келдибаев.

Эл өкүлү укук коргоо органдарында иштегендердин ден-соолугун, психикасын текшерүү өзүнчө чоң маселе экенин белгилеп, аталган кызматка туура келер-келбесин аныктагандар эгер акча берсе учкуч кылып чыгарып, эч кандай текшербей эле керектүү справкаларды колуна карматарын айтты.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8136