Мектеп окуучусун сүзүп кеткен милиция кызматкеринин видеосу коомчулукка тарады

0

29-январда саат 7:10дор чамасында Сокулук районунун Новопавловка айылында жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынан 11 жаштагы бала каза тапкан.Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

“Ауди” унаасын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын 23 жаштагы кызматкери айдап бара жаткан. Жол кырсыгынын кесепетинен мектеп окуучусу каза тапкан.

Милиция кызматкери кармалып, кылмыш иши козгоуп, тергөө амалдары башталды.

 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8135