Опера балет театрынын жетекчиси болуп Керим Турапов дайындалды

0

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Болот Осмонов өзү жазып берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Керим Турапов жетекчи болуп дайындалды.

Эске салсак, опера балет театрында "Dota 2"  тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, коомчулук арасында нааразы пикирлерди жараткан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8133