Нарын шаарында өз үйүнүн короосунда ӨКМдин өрт кызматкери асынып каза болду. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы адамдын сөөгүн бүгүн эртең менен табышкан.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала алынган маалыматка караганда, каза болгон жарандын денесинде кыйноонун белгиси табылган эмес.