Футбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү президент тарабынан мамлекеттик сыйлыктарды алышты

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Азия кубогунда жетишкендиктери дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов «Даңк» медалы менен, футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин «Данакер» ордени менен жана «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары  Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс Мирлан Мурзаев «Даңк» медалы менен сыйланышты.

Футбол боюнча улуттук курама командасынын дарыгери Нурбек Исмаилов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу Игорь Кудренкого «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылды.

Футбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Эдгар Бернхардт, Жыргалбек уулу Кайрат,  Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел Матяш,  Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Дениэл Тего Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Команданын башка мүчөлөрү Одилжон  Абдурахманов, Эржигит  Акаев, Калысбек  Акималиев, Айзар Акматов, Азамат Алыкулов, Асан уулу Айткожо, Муролимжон Ахмедов, Игорь Бабынин, Эрнист Батырканов, Дмитрий Гуреев, Заки Джалилов, Бахтыяр Дүйшөбеков, Кутман  Кадырбеков, Тамирлан Козубаев, Виктор Майер, Фархат Мусабеков Канат Ракишев, Турсунали Рустамов, Бекжан Сагынбаев, Владимир Сало, Талант Самсалиев, Павел Синегубов, Евгений Флоров, Николай Южанин, Мустафа Юсупов Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8073