Мамлекеттик цирктин жетекчилигине Фархад Бекманбетов дайындалды

0

Мамлекеттик цирктин жетекчиси болуп Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурунку орун басары Фархад Бекманбетов дайындалды. Буул тууралуу цирктин кызматкери Данияр Бөлөкбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, цирктин кызматкерлери бул дайындоого каршы чыгышууда. Алар гимнаст, жаачы Аида Акматалиеванын талапкерлигин колдошууда.

Эске салсак, 21-январда цирктин кызматкерлери митингге чыгышкан. Алар жетекчиликке Аида Акматалиеваны коюшун талап кылышууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8072