Салымбеков: Кыргызстанга заманбап стадион курулушу керек

0

Кыргызстанда футбол өнүгүп жатат, стадион куруу мезгили бышып жетилди. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп заманбап стадион салынышы керек. Бул тууралуу Bulak kg маалыматтык сайтына Аскар Салымбеков билдирди.

Бизнесмендер биригип, мамлекет колдоо көрсөтсө, стадион курса болот. Тажикстанда ашар жолу менен спорттук борборлор курулду.  Стадион куруу демилгесин президент Сооронбай Жээнбековго дагы айтабыз” – деди Салымбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Алмазбек Баатырбеков парламент жыйынынан стадион куруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Ошондой эле улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестенинге мамлекеттик сыйлык берилиши керектигин билдиришти.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8071