Бүгүн, 24-январда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмиратынан учуп келишти. Футболчуларды тосуп алууга биринчи вице-премьер-минстр Кубатбек Боронов, Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, федерациянын вице-президенти Аскар Салымбеков катышты.
Футболчуларды тосуп алуу иш-чарасына жүздөгөн күйөрмандар келип, спортчуларды сүрөп турушту.
Бүгүн, саат 15:00дө футболчулар менен жолугушу иш-чарасы Ала Тоо аянтында өтөт.