Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп Асеин Исаев дайындалды

0

Кыргызстандын Индиядагы толук ыйгарымдуу элчиси болуп Асеин Исаев дайындалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Исаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети жактырды.

Исаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 22-январда жактырган.

А.Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерландия, Люксембург, Франциядагы элчиси, НАТО жана ЮНЕСКОнун туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8069