Аргентиналык футболчу Эмилиано Сала учкан учак дайынсыз болууда

0

Аргентиналык футболчу Эмилиано Сала 21-декабрда Франциядан Уельсти көздөй сапар тартып ошол боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымдоо краражаттары жазышууда.

Учактын ичинде Э.Сала жана учкуч болгон. Учак радардан көрүнбөй калган. Фрациялык, Улуу Британиялык куткаруучулар 15 сааттык издөө иштерин караңгы кирип кеткендигине байланыштуу токтотушту. Куткаруу иштери кайрадан улантылмакчы.

Эмилинано Сала Франциянын Нант клубунда ойноп келген. Быйылкы Франция лигасында 12 гол киргизип, мыкты чабуулчулардын катарында келе жаткан. Уельстин «Кадриф Сити» клубуна жаңы кошулган.

Э.Сала  29 жашында болгон. Спорттук карьерасында Франциянын «Бордо», «Нант», командаларында ойногон.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8060