Азия кубогунда акыркы оюнун өткөргөн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 24-январда Бишкек шаарына кайтып келет. Футболчуларды тосуп алуу иш-чарасы Ала-Тоо аянтында 24-январда саат 15:дө өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Футболчулар менен жолугушу иш-чарасы шоу-концерт менен коштолуп, өкмөт өкүлдөрү да катышат.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары “Манас” аэропортунан футболчуларды тосуп алууну демилгелешкен.