Свердлов районунун акими болуп Мурат Осмонов дайындалды

0

Бишкектин Свердлов районунун акими болуп Мурат Осмонов дайындалды. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгон. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мурат Осмонов кесиби боюнча физик-инженер, ошондой эле ал билими боюнча юриспруденция факультетин аяктаган. Буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси болгон.

Эске салсак, акимдик кызматты буга чейин Самарбек Болотбеков аркалап келген.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8044