Бишкек шаарында милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза тапты

0

21-январга караган түнү Бишкектеги 7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан жүргүнчү аял каза болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, «Мерседес-Бенц» менен «Тойота» унаалары кагышкан.

Кырсыктан улам «Тойотанын» жүргүнчүсү 35 жаштагы аял мерт кетти. Ал эми «Мерседестин» 26 жаштагы айдоочусу ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон аялдын денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматы боюнча, «Мерседес» унаасын милиция кызматкери башкарып бара жаткан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8042