Cвердлов районунун акими Самарбек Болотбеков ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу С.Болотбеков Булак kg маалыматтык сайтына билдирди.
Эмне себептен кызматтан кеткендигин түшүндүргөн жок.
Ал 1984-жылы Нарын шаарында туулган. 2016-жылдан бери Свердлов районунун акими болуп иштеп келген.
Эске салсак, С.Болотбековду Нарын облусунун башчылыгына барат деген маалыматтар социалдык тармактарда байма-бай айтылып келүүдө.