Цирк кызматкерлери жетекчилик менен болгон чырдын айынан митингге чыгышат

0

Мамлекеттик цирктин кызматкерлери мекеменин директорун дайындоодогу башаламандыктарга каршы Ак үйдүн алдына саат 11:30да митингге чыгат. Бул тууралуу труппанын жетекчиси Данияр Болотбаев Sputniк агенттигине билдирген.

Анын айтымында, цирктин труппасы толугу менен 34 киши иштен кетүүнү чечкен. Коюлган талаптарга аткаминерлердин олуттуу көңүл бурбай жатышы себеп.

Цирктин башчылыгына, балетмейстерлер, кинорежисселор талапкерлигин көрсөтөрү айтылууда.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/8038