Нарын шаарынын «64» чөлкөмүндө 19-январдан 20-январга караган түнү жол кырсыгы катталды.Окуянын күбөлөрүнүн айтымына караганда, жүк ташуучу унаа шаардын кире беришиндеги үйлөрдүн бирин сүзгөн. Анын кесепетинен турак-жай жараксыз абалга келген.
Үй ээлеринин ден-соолугуна эч кандай залал келген эмес.
Учурда бул факты боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.