Жээнбеков Таласта төө бурчак заводун ачты

0

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты.

Бул билдирүүнү өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы заводдун ишинин башталышына расмий старт берип, Кыргызстанда өстүрүлүп жаткан төө буурчак эл аралык аренада чоң суроо-талапка ээ экендигин белгиледи.

 Жээнбеков өз сөзүндө "Өлкөбүз жылына 90 миң тонна экспорттоп, 70 миллион доллар пайда табат. Буурчак өндүрүүдө 150 миңден ашуун адам эмгектенет. Ошентсе дагы өндүрүлгөн буурчакты кайра иштетүү, рынокко чыгаруу жана сатууда маселе жаратууда. Бул да чет элдик инвесторлордун жана өлкөнүн финансылык институттарынын колдоосунда жергиликтүү ишкерлердин демилгеси менен чечиле баштады", — деди өлкө башчы.

Ошондой эле ал аймактарда дагы ушул сыяктуу ишканалар ачыла турганын айтып өттү.

Жаңы ачылган завод 250гө жакын жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылат. Андан чыккан буурчак 25 өлкөгө, анын ичинен Иранга, Түркияга, Индияга экспорттолот


"Азра" компаниясынын негиздөөчүсү Миргазы Оморов мамлекет башчысына 1997-жылы түзүлгөн компаниянын ишмердүүлүгү туурасында айтып берди. Анын негизги багыты — буурчак өстүрүү, экспорттоо, интенсивдүү мөмө бактарын олтургузуу, продукцияны экспорттоо. Жылына орточо эсеп менен 15 миң тоннадан ашуун буурчакты чет өлкөгө сатат.

Тазалоо боюнча эки завод, буурчакты өлчөө жана таңгактоо өндүрүшүнүн күнүмдүк орточо кубаттуулугу 250 тонна, ошондой эле Кыргызстан боюнча 700 гектардан ашуун аянтка интенсивдүү алма бактары отургузулган.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7498