Конор-Хабиб мушташынан уюштуруучулар 200 миллионго жакын табышты

0

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Маркрегордун мушташы бир гана эң кымбат болбостон UFC үчүн пайдалуу беттештердин бири болду. 

Айрым маалыматтарга караганда, уюштуруучулар 200 миллион доллар табышты. Андан 2 миллион доллар Хабибке, 3 миллион доллар Конорго төлөнөт.

Бирок, UFC Хабиб Нурмагомедов тордон чыгып кеткендиги үчүн жаза иретинде гонорарын ала албай. Андан тышкары, мушкерге жакынкы 4-6 айда АКШда мушташка катышууга жана UFC башка өлкөдө анын беттешүүсүн уюштуруудан баш тартышы мүмкүн. Хабиб Нурмагомедовго 250 миң доллар айып салынышы дагы толук мүмкүн. 

Хабиб менен Конор расмий ала турган акчадан сырткары, рекламадан дагы иштеп табышты. Конор беттеш алдында рекламадан 50 миллион доллар таба турганын маалымдаган. Ал эми Хабибтин бул жааттагы кирешеси 10 миллион долларга жетет.

Хабиб Нурмагомедов өзүнүн инстаграм баракчасында, кырдаал боюнча «бүркүттөр тордо олтурбайт», «мен баарын 6-октябрда чечилет деп айтпадым беле» деп жазды.

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7495