Лунара Мамытова жумуштан кетүү тууралуу арыз жазды

0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова жумуштан кетүүгө арыз жазды.

 Бул маалыматты өкмөттөн тактап беришти.

Алардын айтымында, Лунара Мамытова өзү кечээ арызын алып келген. Азыр ал кароодо.

Ал эми министирликтин басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып, арыз жазганын жокко чыгарууда.

Эскерте кетсек, депутат Аида Салянова Лунара Мамытованы диппаспортту жеке кызыкчылыкта колдонуп, уруксаатсыз чет өлкөгө чыгып жатканын айтып, күнөөлөгөн.  Мамытова бул айыптоолорду четке кагып, социалдык тармактарда министирликке чейин эле көп саякаттаганын айтып, кыргыздарды  бирөөнү сындабай, иштеп жаткан пенсионерлерге окшоп акча чогулутуп, саякаттоого чакырган. Бирок бул пост талкууга алынып, көбү Лунара Мамытова өз калоосу менен кызматтан кетсин деп айтып чыгышкан. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7489