Ысык-Көлдө жаш бала 79 жаштагы кемпирди зордуктоого аракет кылган

0

Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну 79 жаштагы кемпирди зордуктоого аракет кылган, бул окуяга күбө болгон эненин баласы кылмышка шектүүнү сабаган.

 Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБинен билдиришти.

 Маалыматка ылайык, кечээ, 8-октябрда Түп районундагы айылдардын биринде, кары кемпирди зордуктоого аракет кылган деген билдирүү түшкөн. 

Жеринен, бул окуя саат 19:00дөрдө болгону жана анда 30 жаштагы киши мас абалында 78-жаштагы кемпирди зордуктоого аракет кылганы белгилүү болгон. 

“Ал аял ыйлап, кыйкырып жардамга чакыра баштаганда  анын уулу бул ызы-чууну угуп чуркап келет да, апасына тийишкенди зөөкүрдү эшикке сүйрөп чыгып, сабай баштайт. Ызы-чууга инспектор кызматкери жана кошуналар чогулуп, сабап жаткан баланы сүйрөп кетишет. Жабыр тарткан күнөөкөр ооруканага жетиркилген”,-деп айтылат маалыматта.

Алган оор жаракаттарынан улам, ал ээсине келбей мерт кеткен. Ал эми өз апасын коргооого аракет кылган жаран күнөөсүн мойнуна алган.

Зордуктоого аракет кылган фактыны Түп ИИБи каттаган. Андан сырткары “ ден соолукка атайын зыян келтирүү” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7486