АКШда кыргыз үй-бүлө автокырсыкка кабылды. Азыр алар жардамга муктаж

0

 Кыргызстандык үй-бүлө Миссури штатында жол кырсыгына кабылды.

Бул тууралуу АКШдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү  Бектур Элебес Facebook баракчасында кабарлады.

 Маалыматта айтылгандай , 42 жаштагы Алмаз Муминов таң эрте 4-октябрда кырсыктаган. Аны ооруканага жеткиришкен соң, операция жасалып, азыр абалы оор бойдон. Бир айдын ичинде дагы эки операция өткөрүш керек экенин дарыгерлер эскертишкен. 

Жабыр таркандын жакындары кырсык тууралуу  ошол эле күну угушкан. Ошол замат Чикагодон Миссури штатына чыккан Алмаздын жубайы шаарга кире бериште өзү да автокырсыкка учураган.

 Азыркы учурда ал дагы ооруканада, айтылгандай баш сөөгү чайпалып, бир канча жаракат алган.

Бул үй-бүлөго дарылануу үчүн $50 чогултуу керек. Кайдыгер эмес gofundme сайтында акча которсо болот. 

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7474