Путин "Ысык-Көл форуму боюнча" кайрылуу жөнөттү

0

Орусиянын президенти Владимир Путин «Чынгыз Айтматов жана учур чакырыктары» III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду.

Анда ал Айтматовдун бай руханий мурасы дагы эле бүт дүйнө жүзүндө кызыгууну пайда кылып жатканын, бийик гуманисттик баалуулуктар азыр да адамдарды шыктандырып, алар үчүн адеп-ахлактык багыт болуп жатканы айтылат.

- Баары кызыктуу жана мазмундуу талкууларды күтүп жатышат. Албетте, форумда айтылган идеялар жана демилгелер ар кандай өлкөлөр жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты бекемдөөгө кызмат кыларында шек жок.

Форумдун күн тартибинде — цивилизациялар аралык жана диндер аралык диалогду илгерилетүү, диний жана саясий экстремизмге каршы аракеттенүү, адам укуктарын коргоо, билим берүүнүн жана агартууну өнүктүрүү маселелери бар.

 

 
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7468