Абылгазиев: Мугалимди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулууда

0

Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты жогорулап, бул тармакта иштегендерди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин кесиптик майрамына байланыштуу куттуктоосунда айтты.

Премьер-министр мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнү комплекстүү модернизациялоонун программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын, жаңы инновациялык технологиялар киргизилип, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы жакшыртылып жатканын белгиледи.

5-октябрь Кыргызстанда Мугалимдер күнү. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө 114 миңден ашуун мугалим жана окутуучу эмгектенет. 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7464