Белгилүү кыргыз мусулман саентологу Гүлзат Мамытбек дагы бир ыр жаздырды
Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасында билдирген.
“Кыргызым менин” деген аталыштагы чыгармасынын музыкасын DJ Ролан, ал эми текстин Ташкен кызы Гүл жазган.
Гүлзаттын айтымында, бул кыргыздарды жаңы ийгиликтерге жетүүгө дем берет. Ырында, Гүлзат, кыргыздардын улуулугун, жана байыркы тарыхын мактап, Кыргызстанды бейиш менен теңейт. Ошондой эле кыргыздарды биригүүгө чакырып, бири-бирине жардам берүүгө чакырат. Аягында ал Кыргызстанга болгон сүйүүсүн билдирип, өзүн жаңы дем катары атап өткөндү унуткан эмес.