Казакстан менен Өзбекстан жалпы туристтик виза киргизиши мүмкүн

0

Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин спорт жана индустрия комитети эки өлкө «Жибек жолу» деп аталган визанын долбоорун талкуулап жатканын ырастады. Комитет өкүлү кеңири маалымат үчүн расмий кат менен кайрылууну өтүндү.

«Хабар 24» телеканалы Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Азиз Абдухакимовдун: «Эки тарап бул маселенин үстүнөн абдан активдүү иштөөдө. Бул долбоорго «Жибек жолунда» жайгашкан башка бир катар өлкөлөр да кызыгуусун билдирип жатат», — деген сөздөрүн келтирген.

Казакстандын Туризм жана индустрия комитетинин төрайымы Майнюра Мурзамадиеванын айтымында, талкуунун жыйынтыгы жакынкы бир нече айда билиниши мүмкүн.

Бул күндөрү Ташкентте «Жибек жолундагы туризм» деген туристтик жармаңке өтүп жатат. Ага аймактын ондой өлкөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде Казакстан, Индия, Кытай катышууда.

Быйыл июнда казак парламентинин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева алыскы өлкөлөрдөн келген туристтердин агымын көбөйтүү керектигин айтып, жалпы виза киргизүүнү сунуштаган. Августта казак жана өзбек маалымат каражаттары Астана менен Ташкент Silk viza деп аталган визаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганын кабарлашкан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7457