"Айтматов жана доор чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форуму ишин баштады.
Форумдун ачылышы Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Кыргызстандын илимий жана маданий интеллигенциясы, ЮНЕСКОнун өкүлдөрү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакындары катышууда.
Быйылкы форум Айтматовдун 90 жылдыгына арналды.
Иш-чарага ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Дуйсен Касеинов, казак жазуучулары Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов баштаган КМШ өлкөлөрү, Кытай, Түркия жана Түштүк Кореядан жазуучу, илимпоздор келди.
Бишкекте ачылган форум 7-октябрга чейин Ысык-Көлдө уланат.
Анда Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өтөт. Жыйынтыгында Ысык-Көл форумунун декларациясы кабыл алынат.