Депутат: Белизгейт тууралуу иш боюнча УКМКнын отчетун угушубуз керек

0

Депутаттар Белизгейт тууралуу иш боюнча УКМКнын отчетун угушу керек.

Ал үчүн ведомствонун мурунку башчысы Абдил Сегизбаевдин жооп берсин деп чакырышыбыз зарыл.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты.

Анын билдиргенине караганда, УКМКнын мурунку башчысы өз убагында парламенттин 3 депутатынын Белизгейт тууралуу ишке катыштыгы бар экендигин айтып чыккан.

«Бул жерде эч кандай жеке мамиле жок. Бул жерде мамлекетке, депутаттарга карата сый тууралуу кеп болуп жатат. УКМК саясий чагымчылдыкты жана куугунтукту токтотушу керек. Ошол маалда КТРК УКМКнын кызматкерлеринин сүйлөгөндөрүнүн баарын эфирге берген. Азыр дагы көрсөтсүн. Айрымдары бул жеке мамиле деп ойлоп жатышат, бирок андай эмес. Эгерде азыр биз УКМКнын отчетун укпасак, анда биз0дин намысыбызга жана атыбызга шек келет», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Анын айткандарын «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев жана депутат Жанар Акаев колдоп чыгышты.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/7332