Москвада кыргыздар тарабынан жасалган кылмыштуулук 10 пайызга өстү

0

Москвадагы Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санынын көбөйүшү тынчсызданууну жаратты. Бул туурасында Орусиянын Москва шаарынын, облусунун прокуратурасынан билдиришкенин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашат.

Белгилүү болгондой, консул Алмаз Букалаев Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн катышуусунда Москва шаарынын жана Москва облусунун прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар кыргыздардын укуктук статусуна, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого байланыштуу маселелерди талкуулашты. Консул жарандардын эмгек акыларын иш берүүчүлөр тарабынан төлөбөгөндүгү боюнча Москва жана Москва облусунун прокуратураларына мурда жөнөтүлгөн кайрылуулардын тизмесин тапшырды.
Өз кезегинде коңшу тарап мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө келип түшкөн бардык кайрылуулар үчүн объективдүү жана комплекстүү текшерүү уюштурулат деп ишендирди.
Мындан тышкары прокуратуранын жетекчилиги Кыргыз жарандары тарабынан жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын санынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди, тактап айтканда, 2021-жылы Москва облусунда кылмыштуулуктун пайыздык өсүшү 10 пайыздан ашты.
Тараптар Орусиянын мыйзамдарын сактоо жана миграциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын макулдашышты.
 
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18663