Москвада кыргыз жарандарын паспорттоштуруу иши жүргүзүлөт

0

Москвада 4-октябрдан 16-октябрга чейин Россиядагы кыргыз жарандарын паспорттоштуруу өнөктүгү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилиги кабарлады.

Иш-чара элчиликтин демилгеси жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашмакчы. Бул үчүн ТИМдин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Москвага барат.

10 күндөн ашуун убакытта Кыргызстандын паспортун алуу жана алмаштыруу маселеси боюнча өлкөнүн жарандарын кабыл алуу дем алышсыз, күн сайын саат 09.00дөн 21.00гө чейин жүргүзүлөт.

Жарандар ага алдын ала жазылуу үчүн msk.pasport.kg@mail.ru электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүсү керек:

  • аты-жөнү;
  • туулган жылы, айы, күнү;
  • байланыш телефону;
  • жашаган жери;
  • кайрылуунун себеби (паспортту биринчи жолу каттатуу, жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү, бузулуу, жоготуу жана башка).

Арыз берилгенден кийин 1-3 күндүн ичинде кабыл алынып, анда убактысы жана керектүү документтердин тизмеси көрсөтүлөт.

Ал эми керектүү документтердин тизмесин элчиликтин консулдук бөлүмүнүн расмий баракчасынан kg.consul.ru, социалдык тармактардан же WhatsApp мессенжеринен (+ 7-925-115 -50-47) консулдук бөлүмдүн "өзүн-өзү тейлөө менюсу" аркылуу табууга болот.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18661