Сузак жана Базар-Коргондо адам укугу темасында лекциялар өтүлдү

0

Сузак жана Базар-Коргон райондорунда адам укуктары, трансулуттук коркунучтар жана үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алууга багытталган семинарлар болуп өттү. Иш-чарага ИИМдин республикалык окуу борборунун кылмыш укугу жана процесси циклинин башчысы милициянын подполковниги Каныбек Куватпеков, Жалал-Абад ОИИБдин жана ички иштер органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп окуучулары катышышты.

Семинардын жүрүшүндө окуучулардын милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу талкуулар орун алды. Ата-энелердин кызыктырган суроолоруна жооптор берилип, жаш өспүрүмдөрдү ар дайым көзөмөлгө алуу зарылдыгы жеткирилди. Ошондой эле диний экстремизмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Соңунда катышуучуларга балдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги камтылган атайын китепчелер берилди.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18656