Коронавирустан эки адам каза болду, 79 бейтап жаңы катталды

0

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 25-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2599 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 79 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (41 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 178 202 адамга жетти.

Бир күндө 107 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 508 бейтап жатат, дагы 853ү үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза тапкан. Оорунун экинчи толкуну октябрда болгон.

Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылган.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымал экенин 24-сентябрда "Биринчи радионун" эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да көрсөтүлгөн сандан көбүрөөк экенин айтып келишет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18652