"Элиза үй буюмдарынын" 500 катталуучусу чогулду. Милиция окуя боюнча маалымат берди

0

Социалдык тармакка "Элиза үй буюмдары" боюнча видео тарады. Анда видеого тарткан автордун "катталгандар чогулуптур, алар Элизанын апасын алып кетишти" дегенин угууга болот.

Видео 23-сентябрда Бишкектин Фучик жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде тартылганы белгилүү болду. Бул туурасында Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты. 

"Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасынын өкүлү жарандарга акчаларын кайтарып берерин социалдык тармак аркылуу билдирген. Мындан улам аталган дарекке 500 киши чогулган. Бирок "Элиза үй буюмдарынын" өкүлү Б.Э. жолугушууга келген эмес.

Жерине милиция кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жарандар тарап кетишти", - дешти мекемеден.

Эске салсак, 27-июлда "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган. Алар "каржы пирамидасын уюштуруу" беренеси боюнча шектелип, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18643