Асылбек Жээнбеков менен Темир Сариевдин баш коргоо чарасы каралууда. Видео

0

Асылбек Жээнбеков менен Темир Сариев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту.

24-сентябрда сотто алардын баш коргоо чарасы каралууда. Сыртта чогулгандар саясатчыларды бошотууну талап кылып жатышат.

Фото 24.kg.  
URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18618