1 саат кармап турган. Аламүдүндүн акиминин каза болушу боюнча кызматтык териштирүү башталды

0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынын Аламүдүн районунун акими тууралуу интернетте тараган маалымат боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу аталган башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

“Ал маалымат боюнча кайсыл жерден, кайсыл убакытта, кандай себеп менен кимдер тосушканы жөнүндө так маалымат жок. Ошол себептен териштирүү иштеринин жүрүшүндө бардык жагдайлар такталып, аныкталып, юридикалык баа берилет. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалыматтар берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оорулуу жаран же бош бойлуу адамды ооруканага жеткирип жатканда бир дагы кызматкер аны токтотуп кармоого барбай турганын белгилейт.

Эскерте кетсек, журналист Баяна Кулова  интернетке билдирүү калтырып, аким жубайы менен ооруканага бара жатканда таксистти кайгуул кызматкери токтотуп, бир саат кармаганын жазган.

Баяна Кулованын кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилет.

Садыр Нургожоевич....

Сизге аргасыз бул кайрылууну жазып атам. Жок дегенде он жылдык тааныштыгыбыз бар эле, кадырымды жерге таштабастыр деген терең үмүтүм бар.
Урматтуу президент, Аламүдүн районунун акими, көздөй, тоодой таштай агам Таалайбек Жайыловду өткөн жума күнү жоготуп алдык. Жүрөк оорудан дүйнө салып кетти. Өзүңүз ишенип, өзүңүз буйрук чыгарып борбор калаанын чоң районуна Токтогулдан котортуп келгенсиз. Кудай өмүрүн берсе районго чоң реформа жасамак.
Каргаша болгон күнү жеңебиздин айтымында акем экөө кечки сейилге чыгып, анан мен бир аз чуркап келейин сен үйгө бара бер дептир. Жеңем эч нерседен кабары жок үйгө келе берген экен. Артынан эле келе жатасыңбы деп телефон чалса башка бирөө алып жыгылып калганын билдириптир.
Анан шашкалактап тез жардам чакырышса келбей, (биздеги дайымкы көйгөй) акыры такси менен алып жөнөптүр. Оорулуу бараткан такси акырын айдамак беле, эртерээк айдаган го. Жолдон МАИ кызматкерлери токтотуп жол эрежесин буздуң деп бир саатка чукул кармап, анан машинада жаткан агабызга келип жеңеме жайбаракат "мунуңар болбой калыптыр, өлүп баратат"-деп жырткычтык менен мамиле жасашыптыр. Жеңе айласы кеткенде "Бул райондун акими ооруп атат"-десе да угушпаптыр.
Ооба кызматтык эреже бар, урматтуу президент. Бирок, адамкерчиликтин мыйзамын каякка катабыз? Же биздин укук коргоо органдары ушунчалык таш боор, мерез, адамкерчиликтен чыгып кетишкенби? Эмнеге МАИлер тескерисинче оорулууну ооруканага чейин коштоп барыштын ордуна ар шылтоону айтып бир саат кармашкан таксини!! Балким МАИлер жардам бергенде тирүү калат беле?
Ооба, өлөөр акем акыретке кетти, тынч жатсын козгогум келбейт. Кансырап араң жүрөм өзүм деле.
Бирок ушул боюнча кылмыш иши козголуп, таш боор, мерез, жубайын маскаралап, таксини коё бербей абийирсиз МАИлер жазаланышын аябай каалайм. Жазаланбаса, алар бул чектен чыккан абийирсиздикти эртең башкаларга да жасайт!! (муну мен душманыма дагы каалабаймын) Бакыйган райондун акимине ушундай мамиле болсо, карапайым адамдардын шору кайнады го.
Көзөмөлгө алып беришиңизди суранам, чара көрүңүз. Кырчындай баланы атып салып ансыз да араң турган укук коргоо органдарынын абийири төгүлүп бүттү. Башка мейли, мыйзам мейли, адамкерчиликтин мыйзамын аттабаш керек болчу да алар!!!! Жок дегенде такси эреже бузса, ооруканага чейин коштоп коюшпайбы. Анан деле протокол түзүп, айып пул жазып жетишишмек, каякка качмак эле? Ушунча мерез, ушунча кызматына көпкөн кызматкерлерди укук коргоо органдарына ким тандап алып атканына таңмын....

 

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/18154