Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын алтын медалын ута албай калып, күмүш байгеге татыды. Финалык беттеште ал упай айырмасында япониялык Юкако Ковайиге жеңилди.
Эсеп япониялык кыздын эсебине чечилип, 4:3 менен аяктады. Ошентип, Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалына татыды.