Экс-депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Камакта калабы?

0

Бишкектеги Биринчи май райондук соту экс-депутат Талант Узакбаевди Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Талант Узакбаев "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалып, кийин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

"Экс-депутат Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп табылды. Ушул эле Кодекстин 80-беренесинин 3-бөлүгү боюнча аны айыпка жыккан. Ага ылайык, экс-депутат мамлекетке 300 000 миң сом айып төлөшү керек", — деп жазылат билдирмеде.

Маалым болгондой, мындай өкүм күчүнө киргенден кийин тергөө абагында отурган Талант Узакбаев эркиндикке чыгат. Өкүмгө макул болбогон тарап 30 күндүн аралыгында Бишкек шаардык сотуна кайрылууга укуктуу.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16936