Бул кармашта Айсулуу Тыныбекова жеңсе, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта алгачкы ирет Олимпиада оюндарынан алтын медаль алган болот. Дагы бир жолу тарых жаңырткым келет. Айсулуу Тыныбекованын маеги видеодо
Жакынкы сааттарда Токиодо Олимпиада оюндарынын финалында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен япониялык Юкако Каваи күрөшөт. Бул мелдешти кыргызстандыктар чыдамсыздык менен күтүүдө. Эки спортчу тең бири-бирин жакшы билет. 2019-жылы Айсулуу каршылашын жеңсе, 2020-жылы ийгилик Юкакого жылмайган.