Акжол Махмудов: «Ишеничти актай алган жокмун!»

0

 

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов өлкөнүн куржунуна күмүш алып келди.

Эсеп 2:1 менен венгер балбанынын пайдасына жыйынтыкталды.

Махмудов буга чейин төрт беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип алган.

Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Буга чейин Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Ал интервью берип жатып, алтын медаль алуу максатында келгенин айтты. Бирок, тилекке каршы кыргызстандыктардын ой-тилектерин ишке ашыра албай калгандыгын айтып кейиди. Ошондой эле, спортчу алдыда боло турчу Айсулуу Тыныбекованын таймашына ийгиликтерди каалады.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16930