Мамлекет Акжол, Мээрим жана алардын устаттарына канча акча берет? Тизме

0

Мээрим Жуманазарованын атасы спортчунун биринчи машыктыруучусу болгонуна байланыштуу ага да 500 миң сом чегерилет.

Кечээ, шейшембиде, Токио Олимпиадасына барган спортчулар ийгилик жаратып Кыргызстандын куржунуна эки медаль салып берди.

Алгач грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш байге утса, анын артынан эркин күрөштөн Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду. 2008-жылдан бери Кыргызстан мындай ийгиликке жете элек болчу.

Кыргыз өкмөтү Олимпиададан байге алган спортчуларга жана анын устаттарына ири суммада сый акы берилерин убадалаган.

Мындан улам эки балбандын жеңиши үчүн мамлекет канча акча берип сыйлаарын эсептеп көрдүк.

  • Акжол Махмудов — 7 миллион сом;

  • Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев — 2,1 миллион сом;

  • Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков — 1,75 миллион сом;

  • Жеке машыктыруучу Мейрамбек Ахметов — 1,75 миллион сом;

  • Биринчи машыктыруучу Жеңиш Сатыбалдиев — 700 миң сом;

  • Дарыгер Бактыгүл Алишева — 700 миң сом;

  • Массажист Константин Еремич – 700 миң сом.

  • Мээрим Жуманазарова — 5 миллион сом;

  • Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков — 1,5 миллион сом;

  • Улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев — 1,25 миллион сом;

  • Жеке машыктыруучу Чынарбек Изабеков — 1,25 миллион сом;

  • Биринчи машыктыруучу Рахмадил Жуманазаров (атасы) — 500 миң сом;

  • Дарыгер Бактыгүл Алишева — 500 миң сом;

  • Укалоочу Константин Еремич – 500 миң сом.

Ал эми алтын медаль алган спортчу 10 миллион сом менен сыйланат. Башкы машыктыруучусуна спортчуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар суммада төлөнөт. Биринчи машыктыруучусу менен медициналык персоналына 10 пайыз өлчөмүндө сый акы чегерилет.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16929