ВИДЕО - 16-17 жаштагы балдар түндө дарыканага каракчылыкка киришкен

0

Бишкекте каракчылыкка шектүүлөр кармалды, деп билдирди бүгүн, 4-августта Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

Окуя кечээ, 3-августка караган түнү Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан дарыканада болгон. Кол салган адам бет капчан болуп, колунда бычак көтөрүп жүргөн. Ал каалгадагы терезе аркылуу кирген.

Дарыканада фармацевт бар болчу. Аны коркуткан каракчы акча талап кылган. Бирок окуяга күбө болгон жаран тез арада милиция кызматкерлерин чакырууга жетишкен.

Айтылган дарекке Октябрь РИИБдин опер кызматкерлери барып, куралчан адамды колго түшүрүүгө чакырышкан. Бирок ал баш тартып, акырында милиционерлер эшикти талкалап кирип кармашкан.

Шектүү 2005-жылы төрөлгөн Т.А. болуп чыкты. Анын жанындагы адам милиция кызматкерлери жеткенге чейин качып кетүүгө жетишкен. Ал да кармалып, 2004-жылы төрөлгөн Д.И. экени белгилүү болду.

Шектүүлөр камакка алынган. Алардан жабыркагандар 0(708) 064-926, 0(705) 102-406 телефон номурлары жана «102» кызматы аркылуу милицияга кайрылса болот.

Ошондой эле Октябрь РИИБ бул окуя тууралуу ыкчам кабар берип, жабырлануучуга ыкчам жардам көрсөткөн жарандан байланышууну суранат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16928