Айсулууга "Ала-Тоого" келип күйөрмандык кылгыла. Мэрия элди чакырды

0

Бишкек мэриясы спортчу Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасынын финалындагы күрөшүн "Ала-Тоо" аянтындагы LED-экрандан көрүп күйөрмандык кылууга чакырды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 4-августта Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмактын финалында япониялык Юкако Кавайи менен Олимпиаданын алтын байгеси үчүн ат салышат.

Мэрия шаардыктарга жана конокторго Тыныбекованын күрөшүн көрүүгө жана ага күйөрмандык кылууга шарт түзүү максатында "Ала-Тоо" аянтына LED-экран орноткон.

Жалпы күрөштөр саат 15:00дө башталмакчы.

Шаар бийлиги бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, бет кап тагынууну, аралыкты сактоону жана антисептиктерди колдонууну унутпоону эскертти.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16926