Акаев тергөө менен активдүү кызматташып жатат

0

Мурдагы президент Аскар Акаев тергөө менен активдүү кызматташып жатат. Бул тууралуу 4-августта Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Күмтөр алтын кенин иштетүүдөгү жемкорлук боюнча кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мекеме аралык тергөө тобу тергеп жатат.

Акаевге кылмышка шектүү экени тууралуу билдирме 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тапшырылган. 2-августта ал Бишкекке келген.

Күч түзүмдөрү Акаевди алып келишкенин билдирүүдө, ал эми мурдагы президенттин жакындары ал тергөөнүн суроолоруна жооп берүү жана көзү өтүп кеткен эки агасына куран окутуу үчүн өзү келгенин жана кайра Москвага кайтарын айтып жатышат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16925