"Кыргызкөмүрдүн" директору менен "Кара-Кеченин" эсепчиси кармалды

0
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев кармалды. Бул тууралуу 4-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 3-августта Ашырбаев менен бирге “Кара-Кече” филиалынын эсепчиси да кармалып, экөө тең атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалдыышты.

УКМК аларды Кара-Кечеден казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп айыптап жатат. Экспертизанын жыйынтыгында, атайын кызмат билдиргендей, казылып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн.

Кылмышка шектүүлөрдүн жактоочулары азырынча УКМК койгон айып боюнча комментарий бере элек.

Нарында көмүр казган 20 чакты ишкана бар.

Бишкек ЖЭБинде Нарындан жана Казакстандан ташылып келген көмүр жагылат.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16923