Коронавирустан дагы 9 адам көз жумду, 696 бейтап жаңы катталды

0
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 4-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы тогуз адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2363 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 696 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (339) жана Жалал-Абад облусунда(89).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 166 236га жетти.

Бир күндө 1681 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3393 адам жатат, дагы 8270 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.

URL: https://archive.bulak.kg/kyr/show/16913